> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Жалал-Абад жаңы темир жол жана энергогенерацияга байланыштуу Кыргызстандын экинчи экономикалык точкасына айланмакчы - минкаб
- URL: https://im.kg/all/2022/06/30/zhalal-abad-zha-y-temir-zhol-zhana-energogeneraciyaga-bajlanyshtuu-kyrgyzstandyn-ekinchi-ekonomikalyk-tochkasy-bolmokchu-minkab/
- Published: 2022-06-30T11:32:12.000Z
- Updated: 2023-05-31T03:45:09.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Министрлер кабинети Кыргызстандын экинчи экономикалык жүрөгүн түзүүнүн үстүндө иштеп жатат. Мындай таяныч пунктунун борбору Жалал-Абад шаарында жайгашмакчы. Бул тууралуу минкаб башчысы Акылбек Жапаров парламенттин кечээги 29-июндагы жыйынында билдирди.**

> «Электр энергиясынын үчтөн экиси Жалал-Абад облусунда иштелип чыгат, ошондой эле “Түндүк-Түштүк” альтернативалык жолу Жалал-Абад аркылуу өтөт, темир жол түйүнү (Балыкчы – Кара Кече – Жалал-Абад) да ошол жерде жайгашат», – деди министрлер кабинетинин башчысы.

Жапаров ошондой эле азыркы министрлер кабинети токтоп калган ишканаларды сатуу саясатынан алыс экенин кошумчалады. Анын ордуна бийлик токтоп турган заводдорду калыбына келтирүүнү көздөйт.

Жапаров **“Майлуу-Суу лампа заводун”** мисал келтирди. Анын айтымында, бул ишкана мамлекетке кайтарылып, министрлер кабинети аны **реанимациялоо боюнча 1 млрд сомдук бизнес-долбоорду** бекиткен.