> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Жогорку Кеңештин сессиясынын аякташына карата депутаттар үчүн дагы той өткөрүлөт
- URL: https://im.kg/all/2022/06/30/zhogorku-ke-eshtin-sessiyasynyn-ayaktashyna-karata-deputattar-ch-n-dagy-toj-tk-r-l-t/
- Published: 2022-06-30T10:57:13.000Z
- Updated: 2023-05-31T03:51:16.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров парламенттин кезектеги жыйыны аяктап, каникул башталышына арнап, Жогорку Кеңештин депутаттарын сый тамакка чакырды. Бул тууралуу парламенттин бир күн мурун болгон жыйынында белгилүү болду, деп жазат [24.kg](https://24.kg/vlast/238591%5Fakyilbek%5Fjaparov%5Fpriglasil%5Fdeputatov%5Fnaujin%5Fvchest%5Fnachala%5Fkanikul/).**

Минкаб башчысы парламенттин каникул алдындагы акыркы жыйынына **президент Садыр Жапаров келерин** айтып, жыйындан кийин саат 20:00дө депутаттарды кечки тамакка чакырды. Бирок салтанаттуу иш-чара кайсы жерде өтөрүн министрлер кабинетинин башчысы тактаган жок.

> Белгилей кетсек, өткөн жылы да парламенттин депутаттары жыйындын соңунда **Rixos Hall залында чоң той өткөрүшкөн эле**. Анда банкетти спикер Талант Мамытов уюштурган.