> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Fly Dubai Дубайдан Бишкекке жумасына 14 жолу каттайт
- URL: https://im.kg/all/2022/07/01/fly-dubai-dubajdan-bishkekke-zhumasyna-14-zholu-kattajt/
- Published: 2022-07-01T10:42:47.000Z
- Updated: 2023-04-19T05:39:26.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Fly Dubai Дубайдан Бишкекке каттамдардын санын жумасына 14кө чейин көбөйттү. Бул тууралуу Economist.kg-ге авиакомпаниянын Кыргызстандагы өкүлчүлүгү билдирди.**

> Учактар **күнүнө 2 жолу** каттайт экенин компания тактап айтты.

Белгилей кетсек, “Манас” аэропорту буга чейин Fly Dubai Дубай – Бишкек – Дубай багытындагы каттамдардын санын жумасына 10го чейин көбөйткөнүн билдирген. Авиакомпаниянын өкүлчүлүгү бүгүн аба каттамдарынын саны жумасына 14кө чейин көбөйгөнүн редакцияга тактады.