> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Мамлекеттик ишкана казарма курууга арналган 26 млн сомду коротуп салган
- URL: https://im.kg/all/2022/07/01/mamlekettik-ishkana-kazarma-kuruuga-arnalgan-26-mln-somdu-korotup-salgan/
- Published: 2022-07-01T18:09:10.000Z
- Updated: 2023-04-19T05:39:26.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Аскер прокуратурасы “Аскер курулуш” мамлекеттик ишканасында бюджеттик каражаттарды башка максаттарга пайдалануу фактысын аныктады. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.**

Белгиленгендей, акча мамлекеттик ишканага КР Куралдуу күчтөрүнүн Аскер институтунун курсанттарынын казармасын куруу үчүн бөлүнгөн.

> Аудиттин жыйынтыгында Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитет 2017-2019-жылдары курулушка 183 млн сомдон ашык каражат которгону аныкталган. Бирок 156.6 млн сомдук гана курулуш-монтаждоо жумуштары бүтүрүлгөн. Дагы **26.7 млн сом башка максаттарга коротулган.** Жыйынтыгында кадеттик казарманын курулушу каражаттын тартыштыгынан улам токтоп калган.

Аскер прокуратурасы “Аскер курулуш” ишканасынын жана Коргоо министрлигинин кызматкерлерине карата КР Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 2-бөлүгү (кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) жана 210-беренесинин 4-бөлүгүнүн 1-пункту, 2-бөлүгүнүн 2-пункту (ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу жана уурдоо) боюнча кылмыш ишин козгоду. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.