> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Оштон Ысык-Көлгө түз аба каттамы ачылды
- URL: https://im.kg/all/2022/07/01/oshton-ysyk-k-lg-t-z-aba-kattamy-achyldy/
- Published: 2022-07-01T17:54:19.000Z
- Updated: 2023-04-19T05:39:26.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Бүгүн, 1-июлда, 2022-жылдын жайкы сезонундагы биринчи рейс Оштон Ысык-Көлгө учуп келди. Бул тууралуу «Манас» эл аралык аэропорту» ААКнын басма сөз кызматы билдирди.**

Оштон Ысык-Көлгө биринчи каттам менен **100 жүргүнчү** учуп келип, Ысык-Көлдөн Ошко **96 жүргүнчү** учту.

> Бул каттамды ата мекендик TezJet авиакомпаниясы ишке ашырат. Ал Ош – Тамчы – Ош каттамы боюнча **жумасына 6 жолу**: дүйшөмбү, шейшемби, шаршемби, бейшемби, жума жана жекшемби күндөрү учат.

Айта кетсек, бул каттам **сентябрь айына чейин гана** ачылары белгиленген.