> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Алматыдан Ысык-Көлгө аба каттамы ачылды - учуу убактысы 40 мүнөт
- URL: https://im.kg/all/2022/07/04/almatydan-ysyk-k-lg-aba-kattamy-achyldy-uchuu-ubaktysy-40-m-n-t/
- Published: 2022-07-04T09:50:05.000Z
- Updated: 2023-04-19T05:39:26.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Алматыдан Ысык-Көлгө аба каттамы ачылды. Бул тууралуу «Манас” Эл аралык аэропорту» ААКтын маалымат кызматы билдирди.**

«Ысык-Көл» эл аралык аэропорту 1-июлда Алматыдан (Казакстан) биринчи каттамды кабыл алды.

> SCAT авиакомпаниясы Алматы-Тамчы-Алматы багыты боюнча авиакаттамдарды **жумасына 2 жолу** – дүйшөмбү жана жума күндөрү аткарат. Учуу убактысы 40 мүнөттү түзөт.

Жумасына 4 каттамга чейин көбөйтүү пландалууда.

---

Эске салсак, өткөн жылы SCAT авиакомпаниясы Алматыдан Ысык-Көлгө сезондук [аба каттамдарын](http://localhost/info-portal/novosti/2021/07/01/iz-almaty-zapuskaetsya-aviarejs-na-issyk-kul/) жумасына үч жолу аткарган болчу.