> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Эсеп палатасы: 2021-жылы эң көп финансылык тартип бузуу Бишкек мэриясында болгон - 16%
- URL: https://im.kg/all/2022/07/04/esep-palatasy-2021-zhyly-e-k-p-finansylyk-tartip-buzuu-bishkek-meriyasynda-bolgon-16/
- Published: 2022-07-04T13:39:37.000Z
- Updated: 2023-04-19T05:39:27.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Эсептөө палатасы 2021-жылдагы ишинин жыйынтыгы боюнча [жылдык отчетун](https://www.esep.kg/images/docs/2022/jyldyk%5Fotchet%5Fkg.pdf) жарыялады. Анда Бишкек мэриясында эң көп финансылык тартип бузуулар болгону, тагыраак айтканда, мэрия 4.5 млн сомду мыйзамсыз иштетип жибергени айтылат.**

2021-жылы жүргүзүлгөн аудиттердин жүрүшүндө аныкталган финансылык тартип бузууларынын жалпы суммасы **28 288.1 млн сом** болгон. Аныкталган финансылык тартип бузууларынын жалпы суммасынан 26 213.6 млн сом калыбына келтирүүгө тийиш. 18 474.1 млн сом калыбына келтирилген. Калыбына келтирүү 70%ды  
түзгөн.

> “Белгилей кетчү нерсе, калыбына келтирүүгө тиешелүү болгон финансылык тартип бузууларынын жалпы суммасынын ичинен 17 132.9 млн сом 2020-жылга республикалык бюджеттин аткарылышына жүргүзүлгөн аудитинин жыйынтыгы менен, эсеп боюнча оңдолууга тиешелүү болгон ашыкча көрсөтүлгөн кредитордук карыз жана 2 383.7 млн сом Бишкек шаарынын мэриясынын 2019-2020-жылдарга аудитинин жыйынтыгы менен аныкталган **жашырылган дебитордук карыздар”** – деп айтылат отчетто.

- [![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/07/schetnaya-palata.jpg)](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/07/schetnaya-palata.jpg)