> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Күзгө даярдык: Республика боюнча 1.5 миң дан жыйноочу комбайн бар - 80% камсыздайт
- URL: https://im.kg/all/2022/07/04/k-zg-dayardyk-respublika-bojuncha-1-5-mi-dan-zhyjnoochu-kombajn-bar-80-kamsyzdajt/
- Published: 2022-07-04T11:49:47.000Z
- Updated: 2023-04-19T05:39:27.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Кыргызстандын аймагында бардыгы 1960 дан комбайны бар болсо, анын 1577 даанасы ишке жарайт. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.**

> Министрликтин айыл чарба субъектилердеги оруп-жыюучу техникалардын 1-июлга карата даярдыгы тууралуу[ маалыматта](https://agro.gov.kg/ru/7464/?fbclid=IwAR2fmD2djDIcLNTLHvobLatWTFCn1Mn5UanAOAk1mXo-OyRw0meSC05Iddk) республика боюнча **1.5 миң** дан комбайны бар экени айтылат.

**Андан тышкары:**

- Тракторлор – 20 миң 298 (92% камсыздайт)
- Чөп чапкычтар – 3262 (91% камсыздайт)
- Тырмоолор – 1377 (90%)
- Дары чачкычтар – 938 (93%)
- Дан тазалоочу машиналар – 455 (84%)
- Трактор чиркегичтери – 8476 (90%).