> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# «Кыргызкөмүр» МИ бааларды кымбаттатып, мамлекетке 127 млн сом зыян келтирген
- URL: https://im.kg/all/2022/07/04/kyrgyzk-m-r-mi-baalardy-kymbattatyp-mamleketke-127-mln-som-zyyan-keltirgen/
- Published: 2022-07-04T12:45:17.000Z
- Updated: 2023-04-19T05:39:27.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Бишкек шаарынын прокуратурасы тарабынан Энергетика министрлигине караштуу «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасында текшерүү жүргүзүлдү. Бул тууралуу прокуратуранын маалымат кызматы [билдирди](https://www.facebook.com/prokuraturakg/posts/pfbid05qs19Yg5X2FWtGaxnnr3uucN3w2GWHFsTcBAg7SPJQ6toDD85n9e2JzkNpUN5pgYl).**

Текшерүүнүн жүрүшүндө, «Кыргызкөмүр» МИнин жетекчилиги жана тийиштүү жооптуу кызматкерлери **кызмат абалдарынан кыянаттык менен пайдаланышып**, мамлекеттин кызыкчылыгына карабастан, мыйзамсыз түрдө, өз ара аффилирленген «Ж» жана «И» ЖЧКлары менен «Кара-Кече» көмүр кенинен Балыкчы шаарына чейин **200 миң тонналык көмүрдү ташып жеткизүү үчүн кызматтарды сатып алуу боюнча** атайын бекитилген баанын өлчөмүнөн эки эсеге жакын кымбат баада келишим түзүшкөндүгү аныкталган. 

> Натыйжада, **мамлекетке 127 млн 185 миң сомдук зыян** келтирилген.