> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кытай экинчи айланма Чүй каналын бекер куруп берет
- URL: https://im.kg/all/2022/07/04/kytaj-ekinchi-ajlanma-ch-j-kanalyn-beker-kurup-beret/
- Published: 2022-07-04T10:07:35.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:06:59.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Кытай «Экинчи айланма Чүй каналын куруу» долбоорун ишке ашырууга гранттык негизде каражат берет, тагыраак айтканда, бекер куруп берет.**

Мындай маалымат 1-июлда Тышкы иштер министринин орун басары **Азизбек Мадмаров** менен Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэндин жолугушуусу учурунда айтылды.

ТИМдин басма сөз кызматы билдиргендей, жолугушууда Мадмаров айланма Чүй каналын, ошондой эле кар көчкүдөн сактоочу курулуштарды жана Түндүк-Түштүк автожолун куруу боюнча гранттык долбоорлорду ишке ашыруу зарылдыгын баса белгилеген. 

> Кытай элчиси Кыргызстандын социалдык-экономикалык өнүгүүсү үчүн маанилүү болгон бул долбоорлорго Кытай тарап колдоо көрсөтөөрүн билдирген.

Ошондой эле жолугушууда “Кытай — Кыргызстан —Өзбекстан” темир жолунун техникалык-экономикалык негиздемесин иштеп чыгууну тездетүү маселеси каралды.