> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Үрүмчү - Бишкек аба каттамы жанданат
- URL: https://im.kg/all/2022/07/04/r-mch-bishkek-aviakattamy-zhandanat/
- Published: 2022-07-04T16:53:35.000Z
- Updated: 2023-04-19T05:39:27.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Үрүмчү – Бишкек авиакаттамы жанданды. Бул тууралуу «Манас” эл аралык аэропорту” ААКтын маалымат кызматы билдирди.** 

2020-жылы коронавирус пандемиясынан улам убактылуу токтотулган Үрүмчү – Бишкек – Үрүмчү багыты боюнча үзгүлтүксүз каттамдар кайра жанданууда. 

> Эртен 5-июлдан тартып, «Түштүк Кытай аба жолдору» авиакомпаниясы каттамдарды **жумасына бир жолу** – шейшемби күндөрү аткарат. Учуу убактысы 2 саатты түзөт.

Белгилей кетсек, Кытайга аба каттамдар **2020-жылы** коронавирус пандемиясынан улам **үзгүлтүккө учураган** болчу.

Пандемияга чейин China Southern Airlines авиакомпаниясы Үрүмчү –Бишкек – Үрүмчү багытында үзгүлтүксүз аба каттамын аткарып келген.