> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Жалал-Абад шаарында 35 тамактануучу жай жабылды
- URL: https://im.kg/all/2022/07/04/zhalal-abad-shaarynda-35-tamaktanuuchu-zhaj-zhabyldy/
- Published: 2022-07-04T17:48:51.000Z
- Updated: 2023-04-19T05:39:27.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Жалал-Абад шаарында 35 тамактануучу жай убактылуу жабылды. Бул тууралуу шаардын мэриясынын маалымат кызматы [билдирди](https://www.facebook.com/profile.php?id=100013050787549).**

Эскерте кетсек, 27-30-июнь күндөрү Жалал-Абад шаарындагы “Ага-ини” жана “Таж-Махал” тез татым жайларынан тамактанган **79 адам** ууланган. Шаар бийлиги жана тийиштүү кызматтар тарабынан аталган тез татым жайлары окуя катталгандан кийин убактылуу жабылган. 

> Учурда шаардагы тамактануучу жайлардын 50сү текшерилип, 35и убактылуу жабылган. 10 тамактануу жайына 48 миң сом айып пул салынган.

Ал эми 2-июль күнү Жалал-Абад райондор аралык оорулардын алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борбору Жалал-Абад шаарындагы ишкерлер менен жолугушуу өткөрүп, анда ишкерлерге санитардык талаптарды аткарып, аныкталган кемчиликтери жоюлганда гана ишмердүүлүгүнө уруксат берилерин түшүндүргөн. Тез татым жайларын иштеткен ишкерлерге **өзгөчө соустарды өздөрү даярдабашы керектиги** эскертилген.