> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бишкекте борбордун шаар куруу тармагын көзөмөлдөөчү «Бишкекгенплан» ишканасы түзүлдү
- URL: https://im.kg/all/2022/07/05/bishkekte-borbordun-shaar-kuruu-tarmagyn-k-z-m-ld-ch-bishkekgenplan-ishkanasy-t-z-ld/
- Published: 2022-07-05T13:50:54.000Z
- Updated: 2023-05-30T12:29:31.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Бишкекте генпланды жана деталдуу пландаштыруу долбоорун иштеп чыгуу менен алектене турган мекеме түзүлдү. Бул тууралуу борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыровдун 100 күндүк ишинин жыйынтыгына арналган маалымат жыйынында белгилүү болду.**

Пресс-конференция учурунда борбордун мэри Эмилбек Абдыкадыров **шаар куруу тармагын контролдоо чөйрөсүндө ыйгарым укуктарды борбордун мэриясына өткөрүп берүү** жөнүндө токтомдун долбоору даярдалгандыгын билдирди.

> “Курулуш эрежелерин жана жалпы эрежелерди бузуу фактылары көп. Биз азыр “Бишкекгенплан” ишканасын түздүк, ал деталдуу пландаштыруу долбоорун, Башкы планды жана башка шаар куруу документтерин иштеп чыгуу менен алектенет”, – деди мэр.

Ошондой эле шаар башчысы **муниципалитеттин борбордогу курулуштун сапатын көзөмөлдөө укугу жок** экендигин белгиледи.