> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бишкекте жашоо минимуму 7 миң сомго жакындады
- URL: https://im.kg/all/2022/07/05/bishkekte-zhashoo-minimumu-7-mi-somgo-zhakyndady/
- Published: 2022-07-05T16:27:16.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:06:58.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Бишкек шаарында биринчи кварталда калктын жан башына орточо жашоо минимум 6854 сомду түзүп, 2021-жылга салыштырмалуу 16%га өскөн. Бул тууралуу борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыровдун 100 күндүк ишинин жыйынтыгына арналган маалымат жыйынында айтылды.**

> Анда белгиленгендей, январь-март айларында номиналдуу орточо айлык акы **26 миң 496 сомду** түзүп, 2021-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 11%га өскөн.

Белгилей кетсек, доллардын азыркы курсу боюнча борбордо жашоо минимуму 86 долларды, номиналдуу орточо айлык маяна 333 долларды түзөт.

Улутстаткомдун берген маалыматына таянсак, 2022-жылдын I кварталында жалпы **Кыргызстанда жашоо минимуму 6 813 сомду** [түзгөн](http://localhost/info-portal/kyrgyzcha/2022/04/13/2022-zhyldyn-i-kvartalynda-kyrgyzstanda-zhashoo-minimumu-6-813-somdu-t-zd/).