> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бишкектен Махачкалага жаңы аба каттамы ачылды - учуу убактысы 3 саат
- URL: https://im.kg/all/2022/07/05/bishkekten-mahachkalaga-zha-y-aba-kattamy-achyldy-uchuu-ubaktysy-3-saat/
- Published: 2022-07-05T11:58:09.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:06:58.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Бишкектен Махачкала шаарына (Дагестан) жаңы авиакаттам ачылды. Бул тууралуу “Манас” эл аралык аэропортунун” маалымат кызматы кабарлады.** 

Бишкек – Махачкала – Бишкек багыты боюнча жаңы аба каттамын «Урал аба жолдору» авиакомпаниясы аткарат. 

> Каттам **жумасына 1 жолу – жекшемби күндөрү** аткарылат. Учуунун убактысы – 3 саат.