> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Финансы министри Алмаз Бакетаев айлык маянасынын канча экенин айтты
- URL: https://im.kg/all/2022/07/05/finansy-ministri-almaz-baketaev-ajlyk-mayanasynyn-kancha-ekenin-ajtty/
- Published: 2022-07-05T15:58:18.000Z
- Updated: 2023-04-19T05:39:27.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Финансы министри Алмаз Бакетаев айлык маянасынын канча экенин “Биринчи радиого” берген маегинде угармандардын суроосуна жооп берип жатып [билдирди](http://www.minfin.kg/novosti/video/ministr-finansov-almaz-baketaev-o-vneshnem-dolge-k).**

Бакетаев түз эфирде маек куруп жатканда радио угуучулардын бири мамлекеттин каражатын үнөмдөөнү саясатчылардын жардамчыларын жана алардын чыгашаларын азайтуудан баштоо керектигин сунуштаганда, министр өзүнүн айлык маянасынын суммасын айтты. 

> “Мен Финансы министри болом. Айлыгым **42 миң сом**. Эч кандай күзөтчүм жок. Мен күнүгө миллиарддаган суммадагы документтерге кол коем. Ушундай чоң каражаттарды башкарып, анан айына 15 миң сом алгандын кереги жок, чынын айткандачы. Негизи биз чиновниктерди өстүрүшүбүз керек эле – айлык маяналарын көтөрүп, бирок жоопкерчилик, милдеттерди илип. Менин көз карашымда андай чыгымдарды кыскартуунун кажети жок” – деди Бакетаев.

Ошондой эле министр бүгүнкү чыгымдар болушунча кыскартылганын, андан ары кыскартууга мүмкүнчүлүк жок экенин кошумчалады.