> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстандык компания Түштүк Кореяга быйыл 20 тонна бал экспорттоого келишим түздү
- URL: https://im.kg/all/2022/07/05/kyrgyzstandyk-kompaniya-t-sht-k-koreyaga-byjyl-20-tonna-bal-eksporttoogo-kelishim-t-zd/
- Published: 2022-07-05T10:58:56.000Z
- Updated: 2023-05-31T05:33:51.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**23-25-июнда Import Goods Fair (Сеул, Түштүк Корея) көргөзмөсүнө ата мекендик экспортерлор катышып, алар потенциалдуу сатып алуучулар менен B2B жолугушууларды өткөрүшкөнүн Улуттук инвестициялар агенттиги билдирди.**

> Жолугушуулардын жыйынтыгында, түштүк кореялык компания кыргыз балын импорттоого кызыкдар экенин билдирген. Тагыраак айтканда, кыргызстандык Bee Honey ЖЧКсы менен кореялык Kyrka Corp. компаниясынын ортосунда 2022-жылы **20 тонна бал жеткирүү** жана андан кийин аны 100 тоннага чейин көбөйтүү боюнча **келишим түзүлгөн**.

Белгилей кетсек, кыргызстандык компаниялардын көргөзмөгө катышуусуна КР Улуттук инвестициялык агенттик, КРнын Түштүк Кореядагы элчилиги жана ошондой эле БУУ көмөк көрсөтүшкөн. Соодага жардам берүү долбоору Финляндия өкмөтү тарабынан каржыланат.

- [![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/07/med-koreya-1024x768.jpg)](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/07/med-koreya.jpg)
- [![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/07/med-koreya1-768x1024.jpg)](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/07/med-koreya1.jpg)