> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Орок айылынын аймагында «Бишкек сити» курулат
- URL: https://im.kg/all/2022/07/05/orok-ajylynyn-ajmagynda-bishkek-siti-kurulat/
- Published: 2022-07-05T13:59:25.000Z
- Updated: 2023-04-19T05:39:27.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров 100 күндүк ишинин жыйынтыгына арналган маалымат жыйын** **өткөрдү**.

Жыйында шаар мэри шаар куруу тармагын контролдоо чөйрөсүндө ыйгарым укуктарды борбордун мэриясына өткөрүп берүү жөнүндө токтомдун долбоору даярдалганын жана ага кошумча борбордун деталдуу пландаштыруу долбоорун, Башкы планды жана башка шаар куруу документтерин иштеп чыгуу менен алектенген «Бишкекгенплан» ишканасын түзүлгөнүн белгиледи.

> Ошондой эле ал “Бишкек шаарынын” курулушу жөнүндө айтып берди. Анын айтымында, комплекс “Орок” айылынын 150 гектар аймагында курулат.