> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Пенсия жана жөлөкпул эң көп Ош облусуна бөлүнөт
- URL: https://im.kg/all/2022/07/05/pensiya-zhana-zh-l-kpul-e-k-p-osh-oblusuna-b-l-n-t/
- Published: 2022-07-05T10:16:12.000Z
- Updated: 2023-04-19T05:39:27.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**2022-жылдын январь-июнь айларында пенсия жана жөлөкпулга 27 млрд 326.8 млн сом каржыланды. Бул тууралуу Соцфонддун маалымат кызматы билдирди.**

Республика боюнча пенсия менен жөлөк пул эң көп Ош облусуна берилет. Бул облустагы калктын жыштыгы менен түшүндүрүлөт.

- Бишкек шаары — 4 млрд 413.3 млн сом
- Чуй облусу — 4 млрд 131.5 млн сом
- Нарын облусу — 2 млрд 171.9 млн сом
- Иссык-Көл облусу — 2 млрд 486.9 млн сом
- Талас облусу — 1 млрд 131.5 млн сом
- Ош шаары — 979.8 млн сом
- **Ош облусу — 5 млрд 012.3 млн сом**
- Баткен облусу — 2 млрд 299.6 млн сом
- Жалал-Абад облусу — 4 млрд 700 млн сом.

Пенсия жана жөлөкпулдардын каржылануусу 2022-жылдын июнь айына **4 млрд 580 млн сомду** түзгөн.