> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Салык кызматы жарым жылда 74 млрд сом салык чогултту
- URL: https://im.kg/all/2022/07/05/salyk-kyzmaty-zharym-zhylda-74-mln-som-salyk-chogulttu/
- Published: 2022-07-05T17:45:00.000Z
- Updated: 2023-04-19T05:39:27.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Январь-июнь айларында МСК мамлекеттик бюджетке 73 млрд 611.4 млн сом салык жана төлөмдөрдү жыйнаганын мекеменин маалымат кызматы кабарлады.**

Берилген маалыматка ылайык, белгиленген план 101.8 %га аткарылып, 1 млрд 324.7 млн сомго ашыгы менен чогултулган. 2021-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу салыктар 26 млрд 642.1 млн сомго көп жыйналган (өсүү ыргагы 156.7 %). 

Салыктык башкарууну жакшыртуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер, “СМАРТ Салым” салык жол-жоболорун санариптештирүү долбоорун ишке ашыруу, анын ичинде электрондук эсеп-фактуралар, ККМ, ЕАЭБ алкагында товарларды эсепке алуу боюнча “Жыйынды пост” системасы ж.б. ишке киргизилиши пландык көрсөткүчтөргө оң таасирин тийгизүүдө.