> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Улуттук банк накталай долларды өлкөдөн чыгарып кетүүгө толук тыюу салууну демилгелеп жатат
- URL: https://im.kg/all/2022/07/05/uluttuk-bank-naktalaj-dollardy-lk-d-n-chygaryp-ket-g-toluk-tyjuu-saluunu-demilgelep-zhatat/
- Published: 2022-07-05T14:45:57.000Z
- Updated: 2023-05-31T06:45:22.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Улуттук банк жеке жактарга Кыргызстандан накталай чет өлкө валютасын алып чыгып кетүүгө тыюу салуу боюнча токтом долбоорун демилгеледи. Бул тууралуу бүгүн, 5-июлда Улуттук банктын расмий өкүлү Аида Карабаева брифингде билдирди.**

Эскерте кетсек, буга чейин Улуттук банк өз компетенциясынын чегинде коммерциялык банктарга, акча алмаштыруу жайларына, микрофинансылык жана микрокредиттик компанияларга накталай АКШ долларын экспорттоого убактылуу тыюу салган болчу.

Эми болсо УБ **бардык жеке** жана **юридикалык жактар** ​​үчүн накталай чет өлкө валютасын алып чыгууга тыюу салуу боюнча токтом долбоорун демилгелөөдө. Бул документ коомдук талкууга чыгарылды.

> **Ошол эле кезде акыркы чечимди минкаб кабыл алат.**

Ошондой эле Карабаева Россия менен Казакстанда да чет элдик валютаны сыртка чыгарууга чектөө коюлганын кошумчалады.

Белгилей кетсек, коммерциялык банктардагы накталай доллардын көлөмү 7-10%га [кыскарган](http://localhost/info-portal/kyrgyzcha/2022/07/05/uluttuk-bank-emnege-banktarda-naktalaj-dollar-azajyp-baratkanyna-t-sh-nd-rm-berdi/). Улуттук банктын расмий өкүлү бул көрүнүштү геосаясий кырдаал менен байланыштырды. Анын айтымында, **накталай эмес ири суммадагы долларлар Кыргызстанга которулуп**, андан кийин ал накталай акчага айланып, өлкөдөн чыгарылып кетүүдө.

> «Дагы бир көйгөй – долларды жеткирүү каналдары иштебей калды. Буга чейин накталай америкалык валютанын булагы Россия менен Казакстандын базарлары болчу», — деди ал.