Улуттук банк накталай долларды өлкөдөн чыгарып кетүүгө толук тыюу салууну демилгелеп жатат
Улуттук банк жеке жактарга Кыргызстандан накталай чет өлкө валютасын алып чыгып кетүүгө тыюу салуу боюнча токтом долбоорун демилгеледи. Бул тууралуу бүгүн, 5-июлда Улуттук банктын расмий өкүлү Аида Карабаева брифингде билдирди.
Эскерте кетсек, буга чейин Улуттук банк өз компетенциясынын чегинде коммерциялык банктарга, акча алмаштыруу жайларына, микрофинансылык жана микрокредиттик компанияларга накталай АКШ долларын экспорттоого убактылуу тыюу салган болчу.
Эми болсо УБ бардык жеке жана юридикалык жактар үчүн накталай чет өлкө валютасын алып чыгууга тыюу салуу боюнча токтом долбоорун демилгелөөдө. Бул документ коомдук талкууга чыгарылды.
Ошол эле кезде акыркы чечимди минкаб кабыл алат.
Ошондой эле Карабаева Россия менен Казакстанда да чет элдик валютаны сыртка чыгарууга чектөө коюлганын кошумчалады.
Белгилей кетсек, коммерциялык банктардагы накталай доллардын көлөмү 7-10%га кыскарган. Улуттук банктын расмий өкүлү бул көрүнүштү геосаясий кырдаал менен байланыштырды. Анын айтымында, накталай эмес ири суммадагы долларлар Кыргызстанга которулуп, андан кийин ал накталай акчага айланып, өлкөдөн чыгарылып кетүүдө.
«Дагы бир көйгөй – долларды жеткирүү каналдары иштебей калды. Буга чейин накталай америкалык валютанын булагы Россия менен Казакстандын базарлары болчу», — деди ал.