> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бишкекте күйүп кеткен Башкы прокуратуранын имаратын бузуу иштери башталды
- URL: https://im.kg/all/2022/07/06/bishkekte-k-j-p-ketken-bashky-prokuraturanyn-imaratyn-buzuu-ishteri-bashtaldy/
- Published: 2022-07-06T17:26:55.000Z
- Updated: 2023-04-19T05:39:27.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Бишкекте 2010-жылы күйүп кеткен Башкы прокуратуранын имаратын бузуу иштери башталды.**

Аталган имарат борбордун Киев жана Орозбеков көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан. Мэрия имараттын айланасын жаап, анын эң үстүнкү кабаттарын бузуп баштады.

Эскерте кетсек, буга чейин шаар мэри Эмилбек Абдыкадыров өрттөлүп кеткен имараттын ордуна жаңы заманбап имарат куруу зарылдыгын, ошондой эле көп жылдан бери бузулбай же курулуп бүтө элек имараттарды иретке келтирүү керектигин айткан эле.

Учурда Бишкек шаарынын мэриясына Германиядан жасалган **3 долбоор сунушталган.** Долбоор боюнча жаңы заманбап, сапаттуу материалдардан курула турган имарат 7 кабаттан турат. Анын дизайны шаардагы салынган стандарттуу имараттардан [өзгөчөлөнүп даярдалган](http://localhost/info-portal/kyrgyzcha/2022/07/01/eski-prokuraturanyn-imaraty-buzulup-orduna-zheti-kabattyk-zamanbap-imarat-kurulat/).