> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# «Дордойдогу» өрттө 42 контейнер жана 9 күркө күйүп кетти
- URL: https://im.kg/all/2022/07/06/dordojdogu-rtt-42-kontejner-zhana-9-k-rk-k-j-p-ketti/
- Published: 2022-07-06T10:02:36.000Z
- Updated: 2023-05-31T03:40:20.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Кечээ, 5-июлда “Дордой” базарында чыккан өрттө 42 контейнер жана 9 күркө күйүп кеткен. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.**

“Дордой” базарында жайгашкан кытай катарында металлдан жасалган 42 соода түйүнү (контейнер), тез тамактануучу, шаурма жана суусундук саткан 9 күркө (павильон) күйгөн. 

> “Өрттөнгөн соода түйүндөрүндө кийим-кече сатылчу. Ал эми тилсиз жоо жалпысынан 1000 чарчы метр аянтта жайгашкан соода түйүндөрүн жарактан чыгарып, анын кесепетинен 2 адам түтүнгө ууланган. Алар №4 шаардык ооруканага жеткирилди” – деп билдирди ӨКМ.

Базардагы соодагерлердин [айтымында](http://localhost/info-portal/novosti/2022/07/05/pozhar-na-dordoe-predpolozhitelno-nachalsya-s-tochki-fast-fuda/), өрт тез татым жайынан башталып, кийин контейнерлерге өтүп кеткен.