> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# JICA КРнын тоо-кен тармагындагы долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар
- URL: https://im.kg/all/2022/07/06/jica-krnyn-too-ken-tarmagyndagy-dolboorlordu-ishke-ashyruuga-kyzykdar/
- Published: 2022-07-06T13:18:46.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:06:57.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Япониялык Эл аралык Кызматташтык Агенттигинин (JICA) жаратылыш ресурстары боюнча улук кеңешчиси доктор Йош Итака Хосои, ошондой эле агенттиктин энергетика жана тоо-кен казып алуу департаментинин башчысы Хироюки Мацуда жетектеген миссиясы Кыргызстанга келип, “Кыргызалтындын” жетекчилери менен жолугушуу өткөргөнүн мекеменин маалымат кызматы билдирди.**

> “Алардын максаты – Кыргызстандын тоо-кен тармагын изилдөө. Миссиянын мүчөлөрү өнөр жайдагы жалпы абал: негизги кен чыккан жерлер, өндүрүш, экспорт, учурдагы кен казып алуу боюнча долбоорлор, ошондой эле улуттук өнөр жай саясаты менен таанышууну каалашууда”, – деп айтылат маалыматта.

Жолугушуудан кийин JICA өкүлдөрү биргелешкен ишкананын жумушу менен таанышуу үчүн «Алтын Кен» ЖЧКсына жөнөп кетишкен.

- [![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/07/JICA2-1024x768.jpg)](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/07/JICA2.jpg)
- [![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/07/290981079_3202759286663425_6400606432813273007_n-1024x658.jpeg)](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/07/290981079%5F3202759286663425%5F6400606432813273007%5Fn.jpeg)