> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# «Керемет Банкта» жарым жыл ичинде башкармалыктын төрагасы 3 жолу алмашты
- URL: https://im.kg/all/2022/07/06/keremet-bankta-zharym-zhyl-ichinde-bashkarmalyktyn-t-ragasy-3-zholu-almashty/
- Published: 2022-07-06T18:04:05.000Z
- Updated: 2023-05-31T04:24:36.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**«Керемет Банк» ААКтын (Улуттук банктын үлүшү 97.45%) башкармалыгынын төрагасы акыркы жети айда үчүнчү жолу алмашты.**

Банктын директорлор кеңешинин 29-июндагы чечими менен башкармалыктын төрайымы **Жамийла Койчуманованын** 30-июндан тарта өз каалоосу менен кызматынан бошотулгандыгы тууралуу арызы канааттандырылган.

> Директорлор кеңешинин 30-июндагы башка чечими менен банктын жетекчисинин орун басары **Тимур Бербаев** 1-июлдан тарта башкармалыктын төрагалыгы кызматына келди.

Белгилей кетсек, Койчуманова “Керемет банктын” жетекчиси болуп үч ай иштеген — ал банкты былтыр 8-декабрда дайындалган **Кастору Мамытовдун** ордуна келип, ушул жылдын 28-мартынан баштап башкарган.

Мамытов өз кезегинде өзүнүн өтүнүчү менен кайрадан башкармалыктын төрагасынын орун басарлыгына которулган.