> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстандын энергетика компанияларынын бюджетинин таңкыстыгы 15.3 млрд сомго жетти
- URL: https://im.kg/all/2022/07/06/kyrgyzstandyn-energetika-kompaniyalarynyn-bjudzhetinin-ta-kystygy-15-3-mlrd-somgo-zhetti/
- Published: 2022-07-06T11:13:01.000Z
- Updated: 2023-05-31T05:39:40.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Кыргызстандын энергетика компанияларынын бюджетинин таңкыстыгы 15.3 млрд сомду түздү. Мындай маалымат Энергетика министрлигинин бул тармактын учурдагы финансылык-экономикалык абалы боюнча билдирүүсүндө айтылат.**

Ишканалардын каражатынын мындай тартыштыгы азыркы тарифтердин төмөн болушуна, ошондой эле импорттун жана Бишкек ЖЭБинде электр энергиясын өндүрүүнүн кымбаттыгына байланыштуу.

> Маалыматта төмөн, **арзан тарифтер электр жана жылуулук энергиясын өндүрүүгө кеткен чыгымды актабайт** деп айтылат.

Ошол эле учурда Энергетика министрлиги каражаттын тартыштыгына карабастан, негизги чыгымдар өз убагында каржыланып жатканын билдирди. Тагыраак айтканда, эмгек акыларды жана милдеттүү салыктык чегерүүлөрдү төлөө, оңдоо жана тейлөөгө кеткен чыгымдар жана келе жаткан күз-кыш жылытуу мезгилине өз убагында даярдык көрүү чаралары үзгүлтүксүз жүрүүдө.