> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Санариптик өнүктүрүү министринин орун басары алмашты
- URL: https://im.kg/all/2022/07/06/sanariptik-n-kt-r-ministrinin-orun-basary-almashty/
- Published: 2022-07-06T14:47:22.000Z
- Updated: 2023-04-19T05:39:27.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Айдарбек Мамбеткадыров Санариптик өнүктүрүү министринин орун басары болуп дайындалды. Тиешелүү документке министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.**

Ал буга чейин Санариптик өнүктүрүү министринин кеңешчиси болуп иштеп келген.

Мамбеткадыров «Жарандык укук» жана «Бухгалтердик эсеп жана аудит» адистиги боюнча билим алган. Ал буга чейин КРнын Жогорку сотунун жана Конституциялык сотунун Аппаратында, Бишкек мэриясында, Жогорку Кеңештин Аппаратында эмгектенген.