> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Түп районунда мамлекеттик кызматкерлер үчүн жаңы кызматтык үйлөр курулат
- URL: https://im.kg/all/2022/07/06/t-p-rajonunda-mamlekettik-kyzmatkerler-ch-n-zha-y-kyzmattyk-jl-r-kurulat/
- Published: 2022-07-06T10:17:46.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:06:58.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Түп районунда облус жетекчилери үчүн жаңы үйлөр курулат. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Нарын облусунун жаңы жетекчисин администрацияга тааныштыруу учурунда билдиргенин минкабдын маалымат кызматы кабарлады.**

Эскерте кетсек, Жапаров жаңыдан дайындалган президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Эргешовду өкүлчүлүктүн аппаратына өзү барып [тааныштырган](http://localhost/info-portal/kyrgyzcha/2022/07/05/zha-y-dajyndalgan-naryndyn-oblus-bashchysyn-akylbek-zhaparov-kollektivge-zheke-z-baryp-taanyshtyrdy/).

Президент Садыр Жапаровдун буйругуна ылайык, Нарын облусунун жетекчилик кызматына мурдагы президент **Курманбек Бакиевдин жардамчысы [Алтынбек Эргешов](http://localhost/info-portal/novosti/2022/07/04/byvshij-pomoshhnik-kurmanbeka-bakieva-vozglavil-narynskuju-oblast-ukaz-sadyra-zhaparov/)** дайындалган.

Жолугушууда Кыргызстанда акимдерди ротациялоо ийгиликтүү ишке ашып жатканын белгилеген Жапаров аймактарда мурунку кызматтык үйлөр кайра жаңыланарын билдирди. 

> “Региондогу мурунку мамлекеттик кызматтык үйлөр менчиктештирилип кеткен. Анын ордуна президентибиздин демилгеси менен **жаңы кызматтык үйлөрдү курууга кириштик. Пилоттук долбоор катары алгач Түп районуна жетекчилер үчүн 5-6 үй куралы деп жатабыз**. Элибиз да, жерибиз да бир. Жер алмаштырып бөлүнбөй элге кызмат кылалы”, – деди министрлер кабинетинин башчысы.