> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Өзбекстандан келе жаткан 24 миң кг дарбыз кайра артка кайтарылды
- URL: https://im.kg/all/2022/07/06/zbekstandan-kele-zhatkan-24-mi-kg-darbyz-kajra-artka-kajtaryldy/
- Published: 2022-07-06T16:00:53.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:06:57.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**«Достук» көзөмөл өткөрүү жайында Өзбекстандан КРнын аймагына мыйзамсыз жол менен алынып келе жаткан 24 миң кг өлчөмүндө жаңы бышкан дарбыз кайра артка кайтарылды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.** 

«Достук» чек ара ветеринардык көзөмөлдөө пунктунун инспекторлору тарабынан ветеринардык көзөмөл жүргүзүүдө келе жаткан жүктүн **ветеринардык коштомо документтери жок экендиги** жана **ЕАЭБдин ветеринардык-санитардык талаптары сакталбагандыгы** аныкталган.

Аталган пунктун инспекторлору тарабынан тиешелүү артка кайтаруу актысы түзүлүп, жүк Өзбекстанга «Достук» көзөмөл өткөрүү жайы аркылуу кайтарылган.