> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# «Айыл Банк» өлкө боюнча 3 миңдей дыйканга жеңилдетилген кредит берген
- URL: https://im.kg/all/2022/07/07/ajyl-bank-lk-bojuncha-3-mi-dej-dyjkanga-zhe-ildetilgen-kredit-bergen/
- Published: 2022-07-07T16:01:13.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:06:57.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**7-июлга карата «Айыл Банк» ААК тарабынан «Айыл чарбасын каржылоо-10» мамлекеттик программанын алкагында жалпысынан 1.9 млрд сомго 3 198 кредит берилген. Бул тууралуу аталган банктын маалымат кызматы билдирди.**

Анын ичинен “мал чарбасы” багытында 1.3 млрд сомго 1 962 кредит, «өсүмдүк өстүрүү» багыты боюнча 515 млн 372 миң сомго 1 118 кредит, «айыл чарба продукциясын кайра иштетүү» багыты боюнча жалпы суммасы 322 млн 365 миң сомду түзгөн 117 кредит берилген.

30-июнга карата Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы берген [маалыматка](http://localhost/info-portal/novosti/2022/07/06/fermery-poluchili-kredity-na-4-mlrd-somov-po-programme-lgotnogo-kreditovaniya-fsh-10/) таянсак, республика боюнча «Айыл чарбасын каржылоо-10» («АЧК-10») жеңилдетилген насыялоо программасынын алкагында жыл башынан бери кыргызстандык дыйкандар 4 млрд сомдук 7.5 миңден ашык насыя алышкан.