> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Америкалык Kanda Software өзүнүн Кыргызстандагы биринчи жылын белгиледи
- URL: https://im.kg/all/2022/07/07/amerikalyk-kanda-software-z-n-n-kyrgyzstandagy-birinchi-zhylyn-belgiledi/
- Published: 2022-07-07T10:56:22.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:06:57.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Жогорку технологиялык рынокто жыйырма беш жылдан бери иштеп келе жаткан эл аралык IT-кызмат көрсөтүүчү провайдер** **Kanda Software өзүнүн Борбордук Азиядагы биринчи жылын белгиледи. Резидентинин мындай кабары менен Жогорку технологиялар паркы (ЖТП) бөлүштү.**

Мындан туура бир жыл мурун Кыргызстандын тарыхындагы эң ири IT биригүү болгон – жергиликтүү TimelySoft компаниясы менен биргеликте Бишкекте америкалык Kanda Software компаниясынын кеңсеси ачылган.

Канда учурда **Ford, Samsung, Apple, Red Sox, Lionbridge** сыяктуу дүйнөгө белгилүү бренддердин долбоорлорунун үстүндө иштеп жатат. Ошондой эле Кыргызстандын IT коомчулугунун жана спорттун өнүгүшүнө чоң салым кошууда: IT олимпиадаларды, стажировкаларды өткөргөндөн тышкары, жаш адистер үчүн жана Борбордук Азиядагы эң ири Run The Silk Road жарышын колдоп келет.