> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Дары-дармектердин таңгактарын өндүрүү үчүн алынып келчү чийки заттарды КНСтен бошотууну пландашууда
- URL: https://im.kg/all/2022/07/07/dary-darmekterdin-ta-gaktaryn-nd-r-ch-n-alynyp-kelch-chijki-zattardy-knsten-boshotuunu-plandashuuda/
- Published: 2022-07-07T12:59:36.000Z
- Updated: 2023-05-31T03:39:07.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Кыргызстанга алып келүүдө КНСтен бошотулган дары-дармектердин тизмесине аларды өндүрүү үчүн чийки затты жана таңгактарды киргизүү сунушталууда. Токтом долбоору министрлер кабинетинин сайтында жарыяланды.**

Долбоордун негиздемесинде бул өлкөнүн фармацевтика тармагын өнүктүрүүгө шарт түзөөрүн, анткени кошуна Казакстан менен Өзбекстандын дары-дармек өндүрүүчүлөрү мурда эле окшош салык преференцияларына ээ экенин, бул алардын ата мекендик өндүрүүчүлөргө артыкчылыктарды берери айтылат.

> «Даяр дары-дармек каражаттарын импорттоо КНСтен бошотулганын эске алганда, КРгы дары-дармектерди өндүрүүчүлөр кыйын жагдайда калып жатышат. **Алардын продукциясы чет элдик аналогдорго салыштырмалуу баасы боюнча атаандаштыкка туруштук бере албашы мүмкүн**“, – дешет демилгечилер.

Ошондой эле бул долбоордун ишке ашырылышы, албетте, өлкөнүн дары коопсуздугун камсыздоого чоң салым кошот деп айтылат негиздемеде.