> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Таң калаарлык дал келүү. Кыргызстандын бардык банктары доллардын курсун бирдей коюшту
- URL: https://im.kg/all/2022/07/07/ta-kalaarlyk-dal-kel-kyrgyzstandyn-bardyk-banktary-dollardyn-kursun-birdej-kojushtu/
- Published: 2022-07-07T10:17:44.000Z
- Updated: 2023-05-31T06:35:30.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Кыргызстандын бардык коммерциялык банктары бүгүн, 7-июлда саат 09:30-09:40ка карата доллардын сатып алуу жана сатуу курстарын бирдей белгилешти.**

Өлкөнүн бардык банктарында долларды сатып алуу **83 сом**, ал эми сатуу курсу **84 сом** деп белгиленгенин [valuta.kg](https://valuta.kg/) порталы маалымдады.

> Белгилей кетсек, курстун бардык банктарда бирдей коюлушу сейрек кездешет. Бирок, мындай жагдайлар мурда да болуп келген.

Моссоветтеги акча алмаштыруучу жайларда доллардын курсу ар кандай, бирок орто эсеп менен алганда банктардагыдай эле 83 сом (сатып алуу) жана 84 сомдун (сатуу) тегерегинде болууда.

Улуттук банктын 7-июлга койгон расмий курсу 79.5 сом.

- [![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/07/screencapture-valuta-kg-2022-07-07-09_47_46-450x1024.png)](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/07/screencapture-valuta-kg-2022-07-07-09%5F47%5F46.png)