> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Жайында «Ысык-Көл» аэропортунан кайсы өлкөлөргө учса болот? Багыттар, каттамдар
- URL: https://im.kg/all/2022/07/07/zhajynda-ysyk-k-l-aeroportunan-kajsy-lk-l-rg-uchsa-bolot-bagyttar-kattamdar/
- Published: 2022-07-07T16:10:24.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:06:56.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**2022-жылдын жай мезгилинде «Ысык-Көл» эл аралык аэропортунан кайсы өлкөлөргө жана шаарларга учууга болоорун “Манас” эл аралык аэропорту” маалымдады.**

Жалпысынан Ысык-Көл аэропортунан 4 шаарга учууга болот.

**Багыттар:**

##### Казакстан:

**Алматы – Тамчы – Алматы** багыты боюнча каттамдарды «SCAT» авиакомпаниясы дүйшөмбү жана жума күндөрү аткарат. 15-июлдан тарта 3 каттамга көбөйтүүнү пландаштырууда (шейшемби, шаршемби жана бейшемби күндөрү).

##### Россия:

**Москва – Тамчы – Москва** багыты боюнча каттамдарды «Аэрофлот» авиакомпаниясы бейшемби жана ишемби күндөрү аткарат. 10 июлдан тарта 2 каттамга көбөйтүлөт (шейшемби жана жекшемби күндөрү).

**Москва – Тамчы – Москва** багыты боюнча учуулар “Урал аба жолдору” авиакомпаниясы аркылуу күн сайын аткарылат.

**Новосибирск – Тамчы – Новосибирск** багыты боюнча учуулар «Сибирь» авиакомпаниясы аркылуу жекшемби күндөрү аткарылат.

##### Ички каттамдар:

**Ош – Тамчы – Ош** багыты боюнча учуулар «Тез Жет» авиакомпаниясы аркылуу шейшемби, шаршемби, бейшемби, жума, жекшемби күндөрү аткарылат.