> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Балыкчы - Корумду жолунун ремонтун бүтүрүүгө дагы 2 млрд сом керек
- URL: https://im.kg/all/2022/07/08/balykchy-korumdu-zholunun-remontun-b-t-r-g-dagy-2-mlrd-som-kerek/
- Published: 2022-07-08T10:40:27.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:06:56.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**2016-жылы башталган Балыкчы – Корумду жолун оңдоо иштери башталгандан бери 4.7 млрд сом өлчөмүндөгү жумуштар аткарылган. Бул тууралуу Транспорт министрлигинин маалымат кызматы билдирди.**

Калыңдыгы 9 см, узундугу 84 км (22 км дагы калган) асфальт-бетон төшөлмөнүн төмөнкү катмарын монтаждоо иштери бүткөрүлсө, калыңдыгы 6 см, узундугу 80 км (дагы 26 км калган) асфальт-бетон төшөлмөнүн үстүңкү катмары бүткөн.

Ведомстводон билдиришкендей, долбоордо 17 көпүрөнүн курулушу жана оңдоо иштери каралса, 16 көпүрө бүткөрүлүп, бирөөнүн курулушу баштала элек.

> Ошол эле учурда подрядчы менен түзүлгөн келишим боюнча каржылоодон кийин дагы **2 млрд сом** керектелет.

[Economist.kg](http://localhost/info-portal/) мурда маалымдалгандай, Балыкчы – Корумду жолун реконструкциялоо 2016-жылы башталып, 2017-жылы бүтүшү керек болчу. Бирок иш дагы деле уланууда. Трассанын жалпы узундугу 104 чакырымды түзөт. Ал эми жол оңдоо долбоору **6.8 млрд сомго** бааланган болчу.