> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Биз компромисс таба алдык - ККМ боюнча жумушчу топ ишин аяктады
- URL: https://im.kg/all/2022/07/08/biz-kompromiss-taba-aldyk-kkm-bojuncha-zhumushchu-top-ishin-ayaktady/
- Published: 2022-07-08T13:00:29.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:06:56.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Чакан жана орто бизнеске контролдук-кассалык машиналарды (ККМ) киргизүү жана электрондук жарык-фактураларды берүүнү камсыздоо шарттарын талкуулоо жана иштеп чыгуу боюнча жумушчу топтун кеңешмесин өткөнүн минкабдын маалымат кызматы билдирди.** 

Министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров маалымдагандай, биргелешкен аракеттердин аркасында кассалык машиналарды ыңгайлуу ишке киргизүү үчүн ыкмалар жана шарттар иштелип чыккан. 

> «Биз компромисс таба алдык жана бул – эң башкысы. Ишкердин жылдык жүгүртүүсү **8 млн сомго жетпесе**, салык төлөөдөн бошотуу чечими кабыл алынды. Эгерде жүгүртүүсү бул көрсөткүчтөн ашып кетсе, салык 0.5%, же 1% гана болот. Бардык айып санкциялары кыскартуу жагына карай кайра каралат. 

> Ошондой эле салык органдарынын өкүлдөрү менен жолугушуу болот. Эгерде алардын бирөө эреже бузса, же ишкерлерге орой мамиле кылса, коркутуп-үркүтсө, бул кызматкер кайра кызмат ордуна калыбына келтирилбестен терс себептер менен дароо жумуштан бошотулат», – деди Жапаров. 

Ошондой эле ал ККМди камсыздоо боюнча анын ай сайын төлөнчү наркы караларын айтты.

> «Бул 300 сомдун чегинде болот жана биз ошондой эле мүмкүн болушунча отчеттуулукту жөнөкөйлөштүрөбүз. **Милдеттүү бойдон калган бир гана нерсе – бул ККМди жана эсеп-фактураларды колдонуу**. Ушул эки инструмент аркылуу биз төлөм төлөбөгөндөргө чыгып, экономиканы мыйзамдуу талаага алып чыгабыз», – деп белгиледи министрлер кабинетинин башчысы. 

Ошондой эле ал сунушталган сын-пикирлердин 80% кабыл алынганын жана ал жалпы тил табышуу болгондугунан кабар бергенин кошумчалады.