> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Elite House Горький көчөсүндө мыйзамсыз үй салып жатат - Мамкурулуш сотко берди
- URL: https://im.kg/all/2022/07/08/elite-house-gorkij-k-ch-s-nd-myjzamsyz-j-salyp-zhatat-mamkurulush-sotko-berdi/
- Published: 2022-07-08T11:20:31.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:06:56.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Бишкек шаарынын Архитектура-курулуш көзөмөлү боюнча шаардык башкармалыгы Горький көчөсү, 1Б дарегинде дагы бир мыйзамсыз курулуштун бетин ачты. Бул объекттин курулушунун буюртмасын «Элит Хаус» ЖЧКсы берген. Бул тууралуу Мамкурулуштун басма сөз кызматы билдирди.**

> «Elite House компаниясына карата өз убагында чаралар көрүлүп, курулуш-монтаждоо **иштерин токтотуу боюнча** эскертүү берилди.

> Мындан тышкары, аталган башкармалык тарабынан шаардык тиешелүү кызматтарга электр жана суу менен камсыздоонун инженердик тармактарынан өчүрүү боюнча каттар жөнөтүлгөн. Бирок, администрациянын талаптарына карабастан, объектидеги иштер «Шаар куруу жана архитектура жөнүндө» **мыйзамды бузуу менен уланууда**», – деп айтылат билдирүүдө

Шаардык архитектура-курулуш көзөмөл башкармалыгы мыйзамсыз курулуш фактысы боюнча **материалдарды сот органдарына өткөрүп берген**.

- [![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/07/photo_5348050808798822958_y-750x1000-1.jpeg)](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/07/photo%5F5348050808798822958%5Fy-750x1000-1.jpeg)
- [![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/07/photo_5348050808798822956_y-750x1000-1.jpeg)](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/07/photo%5F5348050808798822956%5Fy-750x1000-1.jpeg)