> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кампа запастарына төмөн пайыздык кредиттерди берүү боюнча банктарда долбоорлор даярдалууда
- URL: https://im.kg/all/2022/07/08/kampa-zapastaryna-t-m-n-pajyzdyk-kreditterdi-ber-bojuncha-banktarda-dolboorlor-dayardaluuda/
- Published: 2022-07-08T13:12:07.000Z
- Updated: 2023-05-31T04:28:25.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Кампа запастарына төмөн пайыздык кредиттерди берүү боюнча мамлекеттик банктардын долбоорлору даярдалууда. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров ККМ боюнча жумушчу топтун кеңешмесинде билдирди.**

Кеңешмеде Жапаров ККМди киргизүүдө сунушталган сын-пикирлердин 80% кабыл алынганын жана ал жалпы тил табышуу болгондугун айтып, ошондой эле соода тармагын каржылоо боюнча пландарын да билдирди.

> «Биздин чоң пландарыбыз бар. Сооданы каржылоону өнүктүрөбүз, **кампа запастарына төмөн пайыздык кредиттерди берүү боюнча мамлекеттик банктардын долбоорлору даярдалууда**», – деди Жапаров.