> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстан «Манас» жана «Ош» аэропортторун инвесторлорго берүүдөн баш тартты
- URL: https://im.kg/all/2022/07/08/kyrgyzstan-manas-zhana-osh-aeroporttorun-investorlorgo-ber-d-n-bash-tartty/
- Published: 2022-07-08T15:20:52.000Z
- Updated: 2023-05-31T05:16:18.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Кыргызстан “Манас” жана “Ош” аэропортторун инвесторлорго тышкы башкарууга берүүдөн баш тартканын министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдиргенин бүгүн, 8-июлда минкабдын маалымат кызматы билдирди.**

> “Манас” жана “Ош” аэропорттору боюнча келишим Кыргызстаныбыздын кызыкчылыгын толук камтыбагандыгына байланыштуу андан баш тарттык.

> Мамлекеттин кызыкчылыгына, коопсуздугуна толук жооп берсе, **эки жылда дүйнөлүк стандартка ылайык курулушту бүтүрүп, эки аэропортту тең ишке киргизе турган** кайсыл гана инвестор болбосун кызматташууга даярбыз”, – деп билдирген Жапаров. .

Ошондой эле Жапаров же болбосо бул долбоорду КР өзү ишке ашыраарын бирок бул көбүрөөк убакытты талап кыларын кошумчалады.

---

[Economist.kg](http://localhost/info-portal/) мурда [кабарлагандай](http://localhost/info-portal/novosti/2022/06/30/modernizaciju-aeroportov-manas-i-osh-mogut-otdat-tureckoj-yda-group/), министрлер кабинети **Түркиянын YDA Group компаниясы** менен «Манас» жана «Ош» аэропортторун модернизациялоо долбоорун ишке ашыруу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жаткан. Өнөктөштүктүн шарттарына ылайык, эки жылдын ичинде YDA Group 450 млн доллардан 1 млрд долларга чейин инвестиция салып, эки аэропортту толук реконструкциялоону ишке ашырышы керек болчу.