> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстандагы дары-дармектердин 40%га жакынын контрабандалык товарлар түзөт
- URL: https://im.kg/all/2022/07/08/kyrgyzstandagy-dary-darmek-rynogundagy-karazhattardyn-40-ga-zhakynyn-kontrabandalyk-tovarlar-t-z-t/
- Published: 2022-07-08T14:34:47.000Z
- Updated: 2023-04-19T05:39:28.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Кыргызстандагы дары-дармек рыногундагы каражаттардын 30%дан 40%га чейин контрабандалык товарлар түзөт. Бул тууралуу Бишкекте өткөн брифингде Фармацевтика биримдигинин төрагасы Эрнис Асанов билдирди.**

> «Бул дарылардын баары коопсуз эмес, анткени туура жеткирүү чынжыры сакталган эмес. Кээ бир дары-дармектер температуралык режимди сактоону талап кылат, алар атайын муздаткычтарда, күндөн корголгон шарттарда сакталышы керек. Болбосо, дары дарынын ордуна уу болуп калышы мүмкүн”, – деди ал.

Ошондой эле Асанов Бишкектеги Ош базарында да оор кырдаал турганын белгилеп, бирок азырынча эч кандай чара көрүлө электигин айтты.