> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# «Манас» эл аралык аэропортунун» башкы директору күтүүсүз алмашты – Бакыт Шаршеев кызматынан алынды
- URL: https://im.kg/all/2022/07/08/manas-el-aralyk-aeroportunun-bashky-direktoru-k-t-s-z-almashty-bakyt-sharsheev-kyzmatynan-alyndy/
- Published: 2022-07-08T10:23:09.000Z
- Updated: 2023-05-31T04:55:37.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Бакыт Шаршеев “Манас” эл аралык аэропорту” ААК башкармалыгынын төрагасы кызматынан (Кыргызстандагы бардык аэропорттордун оператору, мамлекеттик үлүшү 79%) бошотулду. Бул тууралуу аэропорттун басма сөз кызматы билдирди.**

Маалым болгондой, кечээ, 7-июлда компаниянын директорлор кеңешинин жыйыны өтүп, анын жыйынтыгында директорлор кеңешинин төрагасы – башкы директор Бакыт Шаршеевдин **ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу** чечими кабыл алынган.

> Жаңы башкы директорлук кызматына **Манас Самидинов** дайындалды. Маалым болгондой, ал буга чейин «МАМ» ААКтын авиажүк жана бортто тамактануу борборунун ээси болгон «Манас Менеджмент Компани» ЖАКтын филиалын жетектеп келген.

Эми “Манас” эл аралык аэропортунун” жаңы жетекчисин жамаатка Мамлекеттик мүлк фондунун төрагасынын орун басары Медер Машиев тааныштырды.

Эске салсак, Шаршеев “МАМды” 2021-жылдын февраль айынан бери жетектеп келген болчу.