> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Пенсияга чыгуу үчүн кандай документтерди тапшыруу керек?
- URL: https://im.kg/all/2022/07/08/pensiyaga-chyguu-ch-n-kandaj-dokumentterdi-tapshyruu-kerek/
- Published: 2022-07-08T17:17:58.000Z
- Updated: 2023-04-19T05:39:28.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Соцфонд курагы боюнча пенсия дайындоо үчүн зарыл болгон документтердин тизмесин берди.**

> Курагы боюнча пенсияга чыгуу үчүн пенсия чектөөдө төмөнкү иш кагаздар талап кылынат:

- **паспорт**
- качкын расмий статусу бар чет өлкөлүк жарандарга – качкын күбөлүгү
- жашап туруу укугу бар чет өлкөлүк жарандарга – ички ичтер органдарынан берилген жашап туруу укугу (вид на жительство)
- **эмгек китепчеси**
- 1996-жылга чейин катары менен 60 ай үчүн **айлык акы тууралуу маалымкат**

Эскертүү: арыздануучунун камсыздандыруу стажын тастыктоочу – окугандыгы же аскер өтөгөндүгү тууралуу иш кагаздары бар болсо, окуу жайын аяктагандыгы тууралуу диплом, аялдар үчүн – балдарынын туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрүн тапшырса болот. 

Ал эми аты аталган иш кагаздар жок болгон же болбосо тапшырууга мүмкүн болбогон учурда, арыздын бланкына окугандыгы, аскер өтөгөн мезгили тууралуу маалыматты жазуу керек.