> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Улуттук банк дароо 3 акча алмаштыруу жайынын лицензиясын алып салды
- URL: https://im.kg/all/2022/07/08/uluttuk-bank-daroo-3-akcha-almashtyruu-zhajynyn-licenziyasyn-alyp-saldy/
- Published: 2022-07-08T17:25:50.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:06:55.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн регулятор дароо үч алмашуу бюролорунун лицензияларынын аракеттерин токтотту.** 

2022-жылдын 9-июлунан тартып 15-июлун кошо алгандагы мезгил аралыгына: 

- Бишкек шаары, Абдрахманов көчөсү 150/20 дареги боюнча жайгашкан **ЖЧК «Капитал Прогресс»** алмашуу бюросунун 2020-жылдын 14-февралындагы № 5982 лицензиясы
- Бишкек шаары, Абдрахманов көчөсү 150, 1-бөлүк дареги боюнча жайгашкан **ЖЧК «Союз лтд»** алмашуу бюросунун 2020-жылдын 25-декабрындагы № 6045 лицензиясы
- Бишкек шаары, Дэн-Сяопин көчөсү 2, 12-батир дареги боюнча жайгашкан **ЖЧК «АСЭМ и ко»** алмашуу бюросунун 2021-жылдын 1-июлундагы № 6164 лицензиясынын ишмердүүлүгү токтоду.

**Кошумча окуңуз:** [Улуттук банктын антикризистик чараларынан майнап чыккан жок — эксперт](http://localhost/info-portal/kyrgyzcha/2022/07/08/uluttuk-banktyn-antikrizistik-charalarynan-majnap-chykkan-zhok-ekspert/)