> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Улуттук банк комбанктар менен валюта рыногундагы кырдаал боюнча жолугушуу өткөрдү
- URL: https://im.kg/all/2022/07/08/uluttuk-bank-kombanktar-menen-valjuta-rynogundagy-kyrdaal-bojuncha-zholugushuu-tk-rd/
- Published: 2022-07-08T17:38:45.000Z
- Updated: 2023-05-31T06:46:15.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Бүгүн, 8-июлда Улуттук банк өлкөнүн коммерциялык банктарынын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөргөнүн регулятордун маалымат кызматы билдирди.**

> “Жолугушуунун жүрүшүндө **ички валюта рыногунда** **учурда орун алып турган жагдай, акча которуу маселелери**, коммерциялык банктардын **айрым операциялары** боюнча т**арифтердин өзгөрүшү** жана финансылык кызматтардан керектөөчүлөр үчүн актуалдуу башка маселелер талкууланды”, – деп айтылат билдирүүдө.

Жолугушууга баргандар дүйнөдө орун алып жаткан геосаясий **кырдаалга байланыштуу тобокелдиктер** жана алардын ички финансылык рынокко таасири боюнча пикир алмашышкан. 

> “Учурдагы кыйынчылыктарга карабастан, калкты үзгүлтүксүз тейлөө жана банктык кызматтарды талаптагыдай көрсөтүү зарыл экендиги белгиленди”, – деп айтылат регулятордун малыматында.