> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Улуттук инвестициялык агенттиктин жетекчиси МЖӨ борборунун кызматкерлери менен жолукту
- URL: https://im.kg/all/2022/07/08/uluttuk-investiciyalyk-agenttiktin-zhetekchisi-mzh-borborunun-kyzmatkerleri-menen-zholuktu/
- Published: 2022-07-08T10:58:50.000Z
- Updated: 2023-05-31T06:43:25.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Улуттук инвестициялык агенттиктин директору Равшанбек Сабиров Мамлекеттик жеке өнөктөштүк борборунун (МЖӨ) кызматкерлери менен жолукканын агенттиктин маалымат кызматы кабарлады.** 

Сабиров команда менен таанышып, МЖӨ долбоорлорун илгерилетүүнүн оң динамикасын белгиледи.

> “Менин байкашымча, коллективиңер жаш жана амбициялуу экен, баарыбыз биригип максаттарыбызга жете алабыз деп ишенем. Ар бириңиздердин идеяларыңыз жана өнүктүрүү боюнча сунуштарыңыз болсо, анда мен ар дайым диалогго ачыкмын” – деди ал.

МЖӨ борборунун директору Санжар Болотов Сабировду 2026-жылга чейин МЖӨ өнүктүрүүнүн жаңы программасы менен тааныштырып, Программага ылайык иш пландары менен бөлүштү.