> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Жакшы жаңылык: Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү дээрлик 12.5 млрд метр кубга көтөрүлдү
- URL: https://im.kg/all/2022/07/08/zhakshy-zha-ylyk-toktogul-suu-saktagychynda-suunun-k-l-m-deerlik-12-5-mlrd-metr-kubga-k-t-r-ld/
- Published: 2022-07-08T13:41:18.000Z
- Updated: 2023-05-31T03:45:51.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**2022-жылдын 8-июлуна карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 12 млрд 465 млн кубометрди түздү. Бул тууралуу «Электр станциялары» ААКтын сайтында [айтылат](http://www.energo-es.kg/ru/o-kompanii/toktogul-water-volume/).**

> Учурда суунун агып кириши секундасына 997 куб метр, агып чыгуусу 443 куб метрди түзүүдө.

Белгилей кетсек, март айында өлкөнүн башкы суу сактагычындагы запасы **7.9 млрд куб метрге** чейин төмөндөп кеткен болчу.