> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Алматы - Ысык-Көл аба каттамына билеттер сатылууда. Баалар 91 доллардан башталат
- URL: https://im.kg/all/2022/07/12/almaty-ysyk-k-l-aba-kattamyna-biletter-satyla-bashtady-baalar-91-dollardan-bashtalat/
- Published: 2022-07-12T15:02:01.000Z
- Updated: 2023-04-19T05:39:28.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Алматы – Ысык-Көл – Алматы багыты боюнча түз чартердик рейске билеттер авиакассаларда сатыла баштады. [Economist.kg](http://localhost/info-portal/) авиакомпаниялардын сайттарындагы маалыматтарга талдоо жүргүзүп, болжолдуу бааларын тактады.**

Казакстандын SCAT авиакомпаниясы Алматыдан Ысык-Көл аэропортуна (Тамчы айылы) түз сезондук [аба каттамын](http://localhost/info-portal/kyrgyzcha/2022/07/04/almatydan-ysyk-k-lg-aba-kattamy-achyldy-uchuu-ubaktysy-40-m-n-t/) ачкан.

Буга чейин аба каттамдары жумасына эки жолу – дүйшөмбү жана жума күндөрү учаары маалымдалган болчу. Бирок, брондоо сайттары **шейшемби жана ишемби күндөрү** түз каттамдар бар экенин көрсөтүүдө. Учуу убактысы 40 мүнөт.

Бирок шейшембиге **Алматыдан Ысык-Көлгө** билеттер сатыкка чыккан эмес — кыязы, сатылып кеткен. Ишемби, 16-июлдагы кийинки каттамдын билет баасы учурда 107 долларды түзөт (53 миң теңге, 9 миң сом). Ошондой эле ар кандай валютадагы билеттердин баасы брондоо сайттарында ошол убакта көрсөтүлгөн маалыматка ылайык берилгендигин белгилей кетүү керек.

Андан ары Алматы – Ысык-Көл багытында баалар көтөрүлүп, 160 долларга чейин жетет, ал эми рейс дүйшөмбү жана жума күндөрүнө жылдырылган:

- [![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/07/1-1.png)](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/07/1-1.png)
- [![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/07/2-1.png)](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/07/2-1.png)

Ошондой эле келерки шейшембиге Ысык-Көлдөн Алматыга билеттер жок. Кийинки ишембиге, 16-июлдагы билеттин баасы учурда 91 долларды түзөт (48 миң теңге, 8 миң сом). Ар кандай валютадагы билеттердин баасы брондоо сайттарындагы чыныгы дисплейде көрсөтүлөт.

Кийинки даталарда билеттердин баасы да жогорулап, 340 долларга чейин жетет.

**Кошумча окуңуз:** [Жайында «Ысык-Көл» аэропортунан кайсы өлкөлөргө учса болот? Багыттар, каттамдар](http://localhost/info-portal/kyrgyzcha/2022/07/07/zhajynda-ysyk-k-l-aeroportunan-kajsy-lk-l-rg-uchsa-bolot-bagyttar-kattamdar/)