> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бишкекте электр самокаттарын ижарага берүү бекеттери ачылды
- URL: https://im.kg/all/2022/07/12/bishkekte-elektr-samokattaryn-izharaga-ber-beketteri-achyldy/
- Published: 2022-07-12T11:54:43.000Z
- Updated: 2023-04-19T05:39:28.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Кыргызстанда биринчи жолу Бишкекте SunRent деп аталган электр самокаттарын ижарага** **берүү жайлары пайда болду. Расмий ачылышы “Ынтымак-2” сейил багында өткөнүн бүгүн, 12-июлда борбор калаанын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.**

Долбоор боюнча коопсуз электр самокаттары шаар боюнча ар кайсы жерде коюлган жана алар акылдуу кулпу менен атайын токтотуучу жайларга бекитилген. Ар бир адам [атайын тиркеме](https://apps.apple.com/kg/app/sun-rent/id1534414487) аркылуу электр самокаттын кулпусун ачып, аны менен өзүнө керектүү жерге жете алат.

Электр самокаттарын шаар тургундары жана дүйнөнүн булуң-бурчунан келген туристтер гана эмес, тамак-аш жана товарларды жеткирүү үчүн түрдүү кызматтардын жана уюмдардын **курьерлери** да колдоно алышат.

> Иштеп жаткан станциялардын жана самокаттардын саны жарыяланган жок. Болгону **100гө чейин заманбап бекеттерди**, ошондой эле **1200 электр самокатын пайдаланууга берүү** пландалып жатканы айтылган.

Бул эко-долбоор leasing.express лизинг компаниясы тарабынан Бишкек шаарынын мэриясынын жана Муниципалдык менчикти башкаруу башкармалыгынын колдоосу менен ишке ашырылууда.

---

[Economist.kg маалымдагандай](http://localhost/info-portal/novosti/2022/07/08/v-bishkeke-otkryty-pervye-tochki-velosheringa-v-dostupe-490-velosipedov/), биринчи велошеринг бекеттери Бишкекте июль айынын башында ачылган болчу. Бул долбоордун алкагында биринчи этапта **490 велосипед** колдонууга чыгарылган. Велосипеддерди ижарага берүү бекеттери соода борборлорунун жанында жайгашкан.

- [![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/07/IMG_20220709_130415-1024x606.jpg)](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/07/IMG%5F20220709%5F130415-scaled.jpg)
- [![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/07/IMG_20220709_130600-1024x756.jpg)](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/07/IMG%5F20220709%5F130600.jpg)
- [![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/07/IMG_20220708_175656-1024x768.jpg)](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/07/IMG%5F20220708%5F175656-scaled.jpg)