> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстандын ИДПсы биринчи жарым жылда  6.3%га өстү
- URL: https://im.kg/all/2022/07/12/kyrgyzstandyn-idpsy-birinchi-zharym-zhylda-6-3-ga-st/
- Published: 2022-07-12T13:42:53.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:06:55.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Кыргызстандын ИДПсы январь-июнь айларында алдын ала эсептөөлөр боюнча өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 6.3%га өсүп, 335 млрд 320.2 млн сомду түздү. Мындай маалыматты Улуттук статистикалык комитет билдирди.**

Белгилей кетсек, өткөн жылдын январь-июнь айларында Кыргызстанда экономикалык өсүүнүн терс көрсөткүчтөрү (- 1.5%) байкалган.

“Кумтөрдү” эсепке албаганда, быйылкы жылдын биринчи жарымында ИДПнын көлөмү 308 млрд 961.9 млн сомду түзүп, 3.9%га гана өстү.